Канн кинофестивалында украиналык кыз өзүнө кызыл боёк чачты (видео)

Канн кинофестивалында украиналык кыз өлкөсүндө болуп жаткан кырдаалды элге жеткирүү үчүн өзүнө кызыл боёк чачты.

Бул 21-майда Канн кинофестивалынын кызыл килеминде болгон. Украиналык блогер Илона Чернобай өлкөсүнүн желегинин түсүндөгү көйнөк менен чыгып, андан кийин өзүнө кызыл боёк чачкан.

Ал өзүнө кызыл боёк чачкандан кийин аны алып кетишкен.

"Мен өз мүмкүнчүлүгүмдү пайдаланып, бул иш менен Украинада эмне болуп жатканын эске салдым! Менин бул кылганым бүткүл дүйнөлүк маалымат каражаттарына тарап кеткенине абдан кубанычтамын! Эл бизди унутпашы керек! Акция оккупацияланган аймактарды жана анда жашаган элди колдоо максатында болгон", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Чернобай.

Ал белгилегендей, андан кийин ага кинофестивалга кирүүгө тыюу салынган.

Канн кинофестивалында украиналык кыз өзүнө кызыл боёк чачты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан