
Жалал-Абадда диний экстремисттик уюмдардын материалдарын сактап, таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде милицияга Жалал-Абад шаар аймагында М.М. аттуу жаран интернет тармагында М.А. аккаунт аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин материалдарын сактап, таратып жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
22-27-май күндөрү ѳткѳрүлүп жаткан “Экстремист” операциясы учурунда кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган М.М. кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.