Бишкектеги Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкек шаарынын Чоң Чүй каналынын Тоголок Молдо көчөсү тарабынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 102 кызматына Чоң Чүй каналында 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине министрликтен 5 куткаруучу тартылып, каналдан табылган жансыз денени ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан