"Дүйнөлүк жылдыз болууну кыялданган". Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов 29 жашка толду 

Өзгөчө уникалдуу үнү менен туулган жеринде гана эмес, дүйнөгө аты таанылган казак ырчы Димаш Кудайбергенов бүгүн 29 жашка толду. Ырчы 1994-жылы 24-майда Актөбө шаарында туулган.

Димаш - ырчылар Канат Айтбаев менен Света Айтбаеванын тун уулу. Алар педагогикалык институтта окуп жүргөндө таанышып баш кошушкан. Димаш төрөлгөндө ата-энеси студент болгондуктан уулун чоң ата жана чоң энесине убактылуу беришет. Ырчынын 2001-жылы туулган Раушан аттуу карындашы жана 2004-жылы туулган Мансур аттуу иниси бар.

Чоң энеси Миуа Низамутдинова мектепте биология жана географиядан сабак берген. Ал эски казак ырларын жана жомокторду мыкты биле турган. Ал эми чоң атасы Кудайберген Айтбаев домбра чертип жана бардык неберелерин бул аспапта ойноону үйрөткөн.

Ырчы эки жашында биринчи жолу жергиликтүү театрдын сахнасына чыгып, беш жашында Актөбө музыкалык колледжинин алдындагы балдар студиясына бара баштаган. Аталган студияда Димаштын музыкалык угуусу жана мыкты вокалдык жөндөмү аныкталып, гитара, фортепиано жана башка музыкалык аспаптарды бат эле өздөштүрүп кеткен.

"Баары генден деп айтышат. Бирок Димаш абдан эмгекчил адам. Ал 5 жашынан баштап ырдап, фортепиано ойногонду үйрөнүп, дүйнөгө белгилүү жылдыз болууну кыялданчу. А биз күлчүбүз", - деген апасы маектеринин биринде.

7 жылдан кийин Димаш музыкалык колледждин эстрада-жаз факультетине тапшырган. Ага белгилүү казак ырчысы Марат Айтимов сабак берген. Айтимов жаш ырчынынын вокалдык жөндөмүн гана таптабастан, анын искусствого, улуттук маданиятка болгон сүйүүсүн арттырган.

Ал окуп жүргөндө эле республикалык сынактарга катышып, 2012-жылы жаштар арасындагы абройлуу делген "Жаш канат" сынагын жеңип алган. Ал эми 2013-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн "Мейкин Азия" эл аралык фестивалында баш байгени утуп, кубок, диплом жана 7 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болгон. Сыйлыкты ошол учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тапшырган.

Мектепти аяктагандан кийин Димаш Кудайбергенов Казакстан улуттук искусство университетинин композиция бөлүмүнө тапшырган. Ошол эле учурда ырчылыкты таштабай, учурунда апасынын устаты болгон Марат Айтимовдон сабак алууну улантат.

2015-жылы "Славян базары" сынагын жеңип, Гран-Прини Азербайжандын ошол учурдагы Маданият министри Полад Бюльбюль оглы өзү тапшырган.

2017-жыл Димаш Кудайбергенов үчүн эң жемиштүү жылдардын башталышы болду десек жаңылышпайбыз. Себеби аталган жылы ырчы Кытайда өткөн "The Singer" сынагынын 5-сезонунан катышып, дүйнөлүк жылдызга айланган. Ал бул сынакта катышуучулардын эң кичүүсү болгонуна карабай, Азиянын эң мыкты вокалисттери менен ат салышкан. Жеңүүчү аталыш үчүн 12 этапты жана финалды басып өтүү керек болгон. Сынактын талабы ар бир этаптагы музыкалык жанр жана сценарий бири-бирине окшош болбошу керек. Димаш Гонгонгдук ырчыга биринчиликти алдырып жибергенине карабай, популярдуулукка жеткен.

Тандоо турунун биринде Димаш Кудайбергенов орусиялык ырчы Витастын "Опера №2" ырын аткаруучудан 2 тонго бийип ырдап, көрүүчүлөрдү таң калтырган. Бирок бул чыгарма ырчыга ийгилик гана эмес, Витастын продюсери Сергей Пудовкин Димашты Витастын "Опера №2" ырын мыйзамсыз колдонгон деп айыптап доо арызын жазган. Сот казак ырчысына Витастын репертуарындагы ырларды аткарууга тыюу салган.

Бул окуя анын атактуулугуна эч кандай терс таасирин тийгизген эмес. Анын дүйнөлүк фан-клубунда 10 миллиондон ашуун адам бар. Ырчынын күйөрмандарын дүйнөнүн 140 өлкөсүнөн кезиктирүүгө болот. Ал Кытайдагы сынакка катышып жүргөн кезде аны күйөрмандары үйүнүн жанында кайтарып калышкан. Димаш көчөгө чыгуу үчүн коопсуздук кызматкерлеринин кызматын пайдаланууга аргасыз болчу.

Ал элдин сүйүүсүнө арзыганы легендарлуу актёр Жеки Чан жана анын үй-бүлөсү конокко чакырганы буга дагы бир далил. Ырчы кумирине чапан жана домбра, ал эми Жеки Чан Димашка кимоно жана кур белек кылган.

Димаш Кудайбергенов 2019-жылы "The World`s Best" музыкалык таланттар сынагына катышуу үчүн АКШга барган. Калыстар тобу казак ырчысынын талантын абдан жогору баалаганына карабастан, ал бул сынакта жеңүүчү аталган эмес. Аталган сынактан кийин ырчы мындай сынактарга катышпоону чечкен.

Ошол эле жылы ал орусиялык продюсер, композитор Игорь Крутойдун 65 жылдыгына арналган мааракеде ырдаган. Ошондон кийин ырчы менен продюсер тыгыз иштеп, Димаш Крутойдун белгилүү ырларын кайрадан жаңыртып ырдаган.

2019-жылы жайында ырчынын "ID" аталышындагы биринчи альбому жарыкка чыгып, Кытайда 37 секунд ичинде 1 миллион, 1 саатта 3 миллион нуска сатылган.

Ырчы көпчүлүк убактысын Кытайда өткөрөт. Себеби анын "Black Gold Talent" лейбли менен келишими бар. Андан сырткары, атактуу ырчылар Мадонна, Рианна, Бейонсе менен иштешкен америкалык "ВМG" компаниясы менен дагы иштешип келет.

Ырчынын жеке жашоосуна токтолсок, ал айымдар арасында абдан популярдуу. Димаш жеке жашоосун ачыктабаган жылдыздардын катарында. Ал 2019-жылы Казакстан улуттук искусство университетинин режиссура факультетинде окуган өзүнөн 3 жаш кичүү Нарсауле Аубакировага үйлөнөт деген маадыматтар тараган. Бирок ырчы бул маалыматтарды четке каккан.

Ал эми күйөрмандарынын божомолунда Димаш 2019-жылдан тарта өзүнүн стилисти Анель Нурашева менен мамиледе.

Учурда Димаш Кудайбергенов улам жаңы чыгармаларды жаратып, күйөрмандарын кубантып келет. Ырчы "Кытай-Борбор Азия" саммитине Тан династиясынын лотос багында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерине кытай тилинде ырдап берген.

24-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан