"Асманга чыгып албай, жерге түшкүлө". Шайлообек Атазов прокурорлорду сынга алды

Бүгүн, 24-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов прокуратура кызматкерлеринин ишин кескин сынга алды.

Анын пикиринде, прокурорлор эч кимди тоготпой, "асманга чыгып" алды.

"Адам баласы бул жашоодо бир гана Кудайга сыйынышы керек. Тилекке каршы, биздин мамлекетте Кудайдан башка да сыйынгандар болуп жатат. Кээ бир адамдарга жерге түшкүлө деп айтам. Адам баласы, бул жашоодон жерде жүрүп эле өтсө жакшы болот, асманга чыгып албай. Жакында эле Жогорку Кеңештин комиссиясы Ысык-Көлгө бардык. Барардан бир апта мурда бардык органдар катышсын деп кат жөнөткөнбүз. Облустук прокурор, анын орун басары дагы келген жок. Биз Бишкектен бардык, алар көлдө туруп келген жок", - деди Атазов.

Ошондой эле ал көлдүн жээгиндеги балдар эс алуучу лагерь, курорттордун көпчүлүгү сатылып кеткенин, жалпысынан 95 объект сатылганын айтты.

"Бир райондун прокурору беш районго жооп берем дейт. Бул эмне деген маскарапоздук? Аламүдүндө 6 гектар балдар эс алуучу жер сатылып кетиптир. Текшерип барсак, прокурор келди да 5 мүнөттөн кийин кетип калды. Каякка десек, "башкы прокурор" чакырып калды дейт. Эмне эми "башкы прокурор" деген эстелик тургузуп алып сыйынасыңарбы? Прокурорлор президенттин буйругун да, Жогорку Кеңештин токтомдорун да аткарбай жатат. Зулушев Курманкул Токторалиевич, депутат катары эмес, иниңиз катары айтып коёюн, тегерегиңизди тазалаңыз", - деди эл өкүлү.

Шайлообек Атазов прокурорлорду сынга алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан