Кыргызстанда каникул убагында окуучулар барып эс ала турган жерлердин баары менчикке өтүп, сатылып кеткен. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Ысык-Көлдө балдарыбыз каникулга чыкканда эс ала турган жерлердин бардыгы сатылып кетиптир. Сатылган акчалар мамлекетке дагы түшпөптүр, ал боюнча дагы маалымат беришти. Биздин балдарыбыз каникулга чыкканда Ташкентке, Алматыга, Астанага барып эс алып келели деп калды. Эмне үчүн Ысык-Көлгө, Сары-Челекке, Арсланбапка баралы дебейт? Ушундай балдар эс алчу жайларды биздин Профсоюз сатып жок кылды. Туура, жеке менчикке берсин. Бирок мындай иштете турган адамдарга бербейби. Атканага окшоп калыптыр, биз барып келдик", - деди Осмонов.