Бишкекте өтө турган рейтингдик турнирге Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков катышпайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Бишкектеги турнирге дүйнөдөн 400гө чукул балбан келет. Анын ичинен 29у континенталдык чемпионаттарда алтын медаль уткандар.
Бул турнирге учурдагы Азия чемпиондору Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов катышпайт.
Жоламан Шаршенбековдун салмагында Кыргызстандын атынан Балбай Дордоков, Акыл Сулайманов жана Афтандил Таалайбек уулу катышат.
Ал эми Акжол Махмудовдун салмагында, тагыраагы 77 килограмм салмакта өлкө намысын Ренат Ильяз уулу, Бекзат Орункул уулу жана Алибек Бердиев коргойт.
Белгилей кетсек, Бишкектеги рейтингдик турнир 1-июнда башталат.