Оштон Новосибирскке авиакаттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы ушул жылдын 23-майында Ош-Новосибирск-Ош багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз авиа каттамын аткарды. Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү аткарылат. Оштон Новосибирскке биринчи каттам 169 жүргүнчү учуп кетти.
Эсиңиздерге салсак, аталган багыт боюнча башка авиакомпаниялар дагы жумасына 8 каттам аткарышат – күн сайын. Аталган авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия багыттары боюнча үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды аткарат.