Кечээ, 23-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында казак ырчысы Биржан Байболдун тушоо кесүү концерти аншлаг менен өттү. Ырчы мырза кыргыз элине "Кара кыз", "Жеңелер" жана ырчы Нурайым Акылбекова экөөнүн дуэт ырлары аркылуу таанылган.
Биринчи концерти ийгиликтүү өткөн Биржан Байбол маегинде концерттин аягына чейин Нурайым Акылбекованы күтөрүн айткан.
"Биринчи тушоо кесүү концертим аншлаг менен өтүп жатат, колдоп келген кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Ички сезимимди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес болуп турат.
Концертте кыргыз кызы менен дуэт аткарам. Бул да болсо казак-кыргыз дуэти сакталып калсын деген максатта. Албетте, Нурайымдын орду бөлөк, бул дуэттин орду бөлөк.
Нурайымды концертке чакыргам. Соңуна чейин күтөм. Келсе сахнага чыгарып, ыраазычылыгымды билдирип, чогуу ырдайбыз", - деген ал.
Белгилей кетсек, концертке конок катары Биржан Байболдун ырларынын сөзүн, обонун жазып берген ырчы Зарлык Камбаралиев менен Айганыш Абдиева чакырылган.