“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Орозбеков көчөсүн бойлой жаңы жолдун курулушун баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 400 погондук метрди түзгөн Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкеде иштер башталган. Жаңы жолду курууда эски асфальты сыйрылып, үч азык-түлүк күркөсү демонтаждалган.
"Жол куруучу бригада асфальт төшөө үчүн жолду тегиздеп, даярдык иштерин жүргүзүүдө.
Жакынкы күндөрү жол бордюрларын орнотуу иштери башталат", - деп билдирди мекемеден.