Бишкекте "Наристе" эл аралык фольклордук фестивалы өтөт

Бишкекте "Наристе" III эл аралык балдар фольклордук фестивалы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-майдан 8-июнга чейин өтүүчү фестивалга Орусия, Казакстан, Тыва, Монголия, Башкирия, Саха, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан I Бишкек Дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышат.

Белгиленгендей, фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 31-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, ал эми жабылыш аземи салттагыдай Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында болот.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын жана чакырылган өлкөлөрдүн ар кандай балдар фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин өнөрлөрү, мастер-класстар, ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, илимий-практикалык конференциялар, элдик искусствосунун көргөзмөлөрү, маданият жана прикладдык искусство тармагындагы инновациялык долбоорлордун бет ачары, шаардын тарыхый-маданий жерлерине экскурсиялар, Ысык-Көл жана анын тарыхый объектилери менен таанышуу пландаштырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан