Чүйдө мыйзамсыз жер сатууга шектелген жаран кармалды

Чүйдө мыйзамсыз жер сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, К.Д. атуу жаран Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылган. Ал арызында 2019-жылы сентябрда Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 5, 15 гектар айыл чарба багытындагы жер үлүшүн турак жай куруу категориясына өзгөртүп берем деп алдоо жолу менен өзүнүн наамына ишеним кат жаздырып алган А.Б. аттуу аялга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. А.Б. өзүн багбанчылык коомунун төрагасы катары тааныштырып, аталган коомдун чечими менен, жер тилкени 4 сотыхка бөлүп, жеке турак-жай куруу үчүн өзүнүн таанышы аркылуу башка адамдарга сатып жиберген.

Кылмышка шектелип 10-майда 1962-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө буга чейин кармалган А.Б.нын 1964-жылы туулган К.А. аттуу шериги бар экени аныкталган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал жогорудагы айыл чарба багытындагы жер үлүшүн турак жай куруу үчүн сатып жүргөнү белгилүү болду", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2023-05-24 23:23:00
Сакалы бар экен . "ыймандуу" экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан