Өлкөдөгү мектептерде тарых сабагы 3D форматында окутула баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди.
Ал кыргыз тарыхынын 40 томдугу чыгарылып жатканын, мындан ары жаңы тарыхый табылгаларга стипендия берилерин белгиледи.
"Бир жарым жылдын ичинде тарыхты окутууну 3D форматына өткөрөбүз Тарыхтагы окуялар, эң негизги баатырлар, андан сабак алчу окуялар, кыргыз баласы эмнени билиши керек? Биринчи кезекте жалпы билим берүү стандарттарында, экинчи, жогорку окуу жайларында, үчүнчү, илимий багыттагы тарыхчылар эмнени билиш керек? Тил, тарых, адабият - бул улуттун көрөңгөсүн түзөт", - деди Иманалиев.