Ташиев: "Коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабын баштоо алдында турабыз"

Бүгүн, 24-майда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Анда ал өлкөдөгү коррупция, оор жана өтө оор кылмыштар менен болуп жаткан күрөш тууралуу айткан.

Кайрылууда мамлекеттин түпкүлүгүнө оор залакасын тийгизген кылмыштуулуктун түрлөрү менен күрөшүп келе жатканын, бирок токтото албай жатканын билдирген.

Ушул күрөштү үч этапка бөлгөнбүз:
1. Күрөштү системалдаштыруу, багытын аныктоо.
2. Мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү.
3. Маалымат, түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо.

Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, эки-үч ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, а бирок, 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгекти, өжөрлүктү, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты жумшадык”,-деп жазган Ташиев.

Ошондой эле коррупция менен күрөшүүдө экинчи этапты баштоо алдында турганына токтолгон.

“Буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен женилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Коомубуз түшүнүш керек: биз аёсуз күрөш жана ачык айкындуулук менен гана мамлекетибизди өнүктүрөбүз” — деп кошумчалаган ал.

Экинчи этап 1-1,5 жылга созуларын жана өтө оор болорун белгилеген.

Бул экинчи этап 1-1,5 жылга созулат го деп ойлоймун, бул өтө оор болот, жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандар.

Урматтуу мамлекеттик кызматты аркалагандар, дагы бир жолу эскертемин, чогуу мамлекетке иштеген кызматкер катары суранамын: мыйзамды бузбай ишиңерди так аткаргыла, коррупцияны токтоткула, эч качан суранбагыла, мындан ары мыйзам бузгандарга мыйзам чегинде өтө катаал чаралар көрүлөт. Бандиттер, каракчылар, бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар, контрабандисттер, мамлекетти алдаган шылуундар түп-тамырыңар менен мыйзам чегинде жок кылынасыңар.
Бир да адам мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылбаш керек.
Бул өтө оор, аткарылышы татаал жана кооптуу тапшырма, бирок мен муну аткарамын, башка менде жол жок!
Же мени коорупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке саламын!
Мамлекет башчыбыздын менин алдыма койгон тапшырмасы ушундай, урматтуу мекендештер, коомубуз бирдикте күчтүү, акыйкаттуу мамлекетти курабыз.

Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды! Үлгүрүшүбүз керек!”, — деп сөзүн жыйынтыктаган Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан