Биз социалдык тармакта

Америкалык ырчы Тина Тёрнер каза болду 

Америкалык жана швейцариялык ырчы Тина Тёрнер 83 жашында каза болду. Бул тууралуу "Sky News" телеканалы аткаруучунун басма сөз катчысына шилтеме берүү менен билдирет.

"Рок-н-роллдун ханышасы Тина Тёрнер Швейцариянын Кюснахте шаарындагы үйүндө узакка созулган оорудан улам каза болду. Аны менен бирген дүйнө музыка легендасын жоготту", - деп жазылат маалыматта.

Маркум ырчы акыркы жылдары ден соолугунда көйгөйлөр жаралган. Ал инсульттан аман калып, залалдуу шишик дарты менен күрөшүп келген.

Тина Тёрнер 1939-жылы 26-ноябрда АКШнын чакан Натбуш аттуу шаарында төрөлгөн. "Грэмми" сыйлыгынын 8 жолку ээси Тина өзүнүн сахнада алып жүрүүсү, темпераменти менен "рок-н-роллдун ханышасы" аталган. Американын белгилүү "Роллинг Стоун" журналы Тина Тёрнерди азыркы замандын эң мыкты ырчыларынын бири деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан