Колумбиянын Түндүк Сантандер департаментиндеги Тибау муниципалитетинде патруль кылган полиция кызматкерлерине жасалган жардыруудан 3 жаран каза болуп, 8 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Кабарга караганда, каза болгон 3 жарандын экөө полиция кызматкери, бирөө жергиликтүү тургун болгон.
"Бийлик эки полиция кызматкери жана бир жергиликтүү тургун каза болгонун, ошондой эле төрт кызматкер жаракат алганын билдирүүдө. Жардыруучу зат өтүп бара жаткан патрулдук унаанын жанында жарылган", - деп айтылат басылманын маалыматында.
Жаракат алган полиция кызматкерлеринен тышкары дагы төрт жаран жаракат алган. Алардын ичинен эки эркек киши жана эки аял болгон. Бардыгы ооруканага жаткырылган.
Жардыруу Колумбиянын коргоо министри Иван Веласкес аймакка келерден бир нече саат мурун болгону белгиленди. ЖМКлардын маалыматына караганда, бул аймакта "улуттук боштондук армиясынын" фронтторунун биринин козголоңчулары, ошондой эле Колумбиянын мурдагы революциячыл Куралдуу Күчтөрүнөн чыккандар кылмыштуу иштерди жүргүзгөнү жазылган.