Чет өлкөлүк жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъектисинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда К.А. аттуу чет элдик жаран кармалды.
"Кармалган жаран кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган. Азыр ал тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.