
Чүйдүн Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон өспүрүм табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-мартта Ысык-Ата районуна караштуу Рухий Мурас-2 жаңы конушунун тургуну 2008-жылы туулган Э.Э. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп издөөдө жүргөн.
"Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон өспүрүм түнкү саат 03:00дө Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.