Түрк оппозициясынан президенттикке талапкер Кемал Кылычдароглу атаандашы Режеп Тайип Эрдоганды сотко берди. Бул тууралуу Кылычдароглунун жактоочусу Желаль Челик Twitter баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Кемал Кылычдароглу Режеп Тайип Эрдоганды анын видеосун жасап, монтаждоого айыптоодо. Аталган видеодо өлкөдө тыюу салынган жана террордук уюм катары таанылган Күрдстан жумушчу партиясынын лидерлери Кылычдароглуну колдоого алышканы айтылат.
Талапкердин жактоочусунун айтымында, бул монтаждалып жасалган видео. Ал өз постунда Кылычдароглуну талапкер эмес, Түркиянын 13-президенти деп атап, доонун суммасы 50 миң доллар түзөрүн билдирген.
Бул акчаны алар террорчулардын аракетинен улам ата-энесинен ажыраган балдарды окутууга жумшала турганын билдирген.
Белгилей кетсек, саясатчылар буга чейин эле бири-бирин сотко берип келишкен.
Эске салсак, Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майга белгиленген. Биринчи айлампа 14-майда өтүп, жыйынтыгында Эрдоган 49,24 пайыз, ал эми Кылычдароглу 45,06 пайыз добушка ээ болгон.