Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 14-майдан 24-майга чейин бир катар техникаларын оңдоп, орнотуп берем деп алып кеткенден кийин изин жашырып кеткен программистке чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1994-жылы туулган К.П. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатат.