Бири алтын медаль менен бүтсө, экинчиси орто окуп... 20 жылдыкка барган жылдыздар 

Бүгүн, 25-майда мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, мындан 10-20 жыл мурун окуучулук күндөрү артта калган классташтар дал ушул күнү кайрадан жолугуп, чоң турмушка даярдаган мектепке жолугушууга барышат.

Быйыл салтка айланган 20 жылдык мааракеге кыргыз шоу-бизнесиндеги кайсы атактуулар барышты?

Мектепте мыкты окуган ырчы Дайыр Исмадияров 20 жылдык маараке жогорку деңгээлде өтүп жатканын айтат.

"Мен 2003-жылы Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылындагы Мамат Нурбаев атындагы №3 орто мектебин бүтүргөм. Мектепте жакшы окуп, алтын медаль менен бүткөм. Мугалимдердин эң жакшы көргөн окуучусу болчумун.

Классташтарым менен 11-классты бүткөндөн бери байланыш үзүлгөн жок. 20 жылдан бери баары менен эле жолугушуп жүрөм. Бүгүн дагы баарыбыз мектепте чогулуп, сонун майрам болду. Класс жетекчибизге бриллиант алып берели деген элек, бирок "өзгөчөлөнүү жок болсун" деген талапты эске алуу менен "каалаган нерсеңизди алып алыңыз" деп тыйыныбызды конвертке салып берип койдук.

Бүгүнкү маараке алгач мектепте башталып, кечинде ресторанда уланат, андан кийин жайлоого эс алганы чыгып кетебиз", - дейт ал.

Ал эми өзүнүн иниси менен чогуу окуган ырчы Асел Касымова 20 жылдыкты 3-4 күн майрамдай турганын билдирди.

"Мен Оштогу Юрий Гагарин атындагы №17 гимназияны аяктагам. Мектепке барганды абдан жакшы көрчүмүн. 11-кластты бүтүп жатканда дагы "мектепте эле окугум келип жатат" деп айтчумун.

Классташтарым менен өтө деле тыгыз байланыш жок. Өзүмдөн бир жаш кичүү иним менен чогуу окугандыктан ага келген классташ балдар менен жолугуп турабыз. Ал эми классташ кыздар арасында 2-3 кыз менен жазып, байланышып калабыз.

Бүгүн мектебимди, классташтарымды көрүп абдан сүйүндүм. 20 жылдан бери такыр көрбөгөн классташтарым бар экен. Анча-мынчасын "ким элең?" деп сурашып жаттык. 34 окуучунун жарымы жумуштары менен же башка жактарда болуп жарымыбыз эле келдик. Буюрса, 20 жылдыкты 3-4 күн майрамдайбыз. Ресторанга, жайлоого барабыз".

Ырчы Султан Садыралиев менен Кайрат Примбердиев 20 жылдыкты чогуу белгилеп жатышат. Себеби ырчылар классташ жана үй-бүлөлүк катышы дагы бар.

"Биз ар дайым классташтар менен катыштабыз. Бүгүн айылга келип, Кайрат экөөбүз досторубуз, үй-бүлөбүз менен токойдун жээгинде 20 жылдык тосуп жүрөбүз.

Экөөбүз Таластагы Торкобүбү Кушчубаева атындагы Көк-Ой орто мектебин бүтүргөнбүз. Мирбек Иманбеков айткандай, орто мектепте орто окуганбыз", - дейт ырчы мырза.

"Эң башкысы 1-класстан бизге тарбия берип, жазганды, окуганды үйрөткөн мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем", - дейт Примбердиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан