Бишкекте 24 жаштагы жигит бычакталып, ооруканага түштү

Бишкекте жигит бычактан жаракат алып, ооруканага түштү. Окуя 17-майга караган түнү болгонун шаардык милициядан билдиришти.

Кабарлангандай, түнкү клубдардын биринде мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат милицияга болжол менен саат 02:30дар чамасында түшкөн.

"Мушташ учурунда 24 жаштагы М.А. аттуу жаран бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөнү белгилүү болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты каттоого алынып, "ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы Б.А. жана 22 жаштагы Н.Т. аттуу жарандар кармалган. Бирок Ленин райондук соттун чечими менен алар үй камагына чыгарылган.

Учурда иликтөө иштери уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалганы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан