Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан 22 жаштагы жигит кармалды

Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан 22 жаштагы жигит кармалды. Ал кечээ, 24-майда колго түшүрүлгөнүн жана Нарын облусунун тургуну экенин УКМК билдирди.

Кабарлангандай, ал 24-майда саат 00:46да Инстаграмдагы “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин төрагасынын аккаунтуна бейбаштык максатында фейк аккаунтунан окуу жайдын аймагына жардыргыч зат коюу пландалып жаткандыгы тууралуу жалган билдирүү жөнөткөн.

Ыкчам аракет көрүү планына ылайык, студенттерди жана мекемелердин кызматкерлерин эвакуациялоо чаралары көрүлгөн. Бирок жогорудагы даректин имараттарын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жардыруучу заттар, ок атуучу куралдар жана башка кооптуу нерселер табылган эмес.

Атайын кызмат белгилегендей, азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында процессуалдык чаралар көрүлүп, кармалган адам мыйзамга ылайык жазага тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema11
2023-05-25 20:30:00
Келесоо экен го !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан