Америкалык "CurrentBody" компаниясы чачтын өсүүсүн камсыз кылган кулакчын ойлоп тапты. Бул тууралуу аталган компания өзүнүн расмий баракчасында жарыялады.
Маалыматка караганда, аталган кулакчын баш терисин толук жабат. Ал кардардын музыка угуусун гана шарттабастан, төмөнкү деңгээлдеги жарык терапиясы аркылуу чачтын бекемделишин жана узак мөөнөттүү корголушун дагы камсыз кылат. Адистер чачтын кайрадан өсүшү үчүн аталган кулакчынды күн сайын 10 мүнөттөн 16 жума колдонууну сунушташууда.
Учурда кулакчындын баасы 860 долларды түзүп, жакынкы аралыкта сатыкка чыгуусу күтүлүүдө.