Балбак Түлөбаев казинолордон убадаланган акча түшпөсө, аларды жаап салууну сунуштады

Казинолордон өкмөт убадалаган каражат бюджетке түшпөсө Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, кайрадан жабыш керек. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев парламенттин бүгүн, 25-майдагы жыйынында айтты.

Эл өкүлү министрлер кабинети кумар оюндарына уруксат берүү мыйзамын алып келгенде жылына бюджетке 2 миллиард сомдон ашык түшөрүн айтканын эске салды.

"Эгер жыл аягына чейин андай болбосо, парламент мыйзамды артка чакыртып алууга укугу бар деп ойлойм. Биз экс-чиновник, экс-депутаттар байысын деп бул мыйзамды кабыл алган жокпуз. Жылдын аягында канча салык түшкөнүн көрөбүз. Бюджетке 2 миллиард сом түшөт дегени үчүн бүткүл абийир, намысыбызды коюп өкмөттү колдоп бергенбиз. Элге жаман көрүнүп, каргыш, тил укканбыз. Биздин мыйзам менен бир чиновниктин байышына макул эмесмин", - деди Түлөбаев.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаровдун маалыматы боюнча өлкөдө кумаркана ачууга биринчи лицензия быйыл май айынын башында берилген. Букмекердик кеңселерге төрт лицензия берилген. Мындан бюджетке жалпы 126 миллион сом түштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан