«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Исанов көчөсүн бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Щербаков көчөсүнө чейин тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, жарыктандыруучу бригада 28 светодиоддук чырактарды орнотуп, 600 метр изоляцияланган зым (СИП) тарткан.
"Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115", - деп билдирди мэриядан.