“Өз кызын 7 жашынан баштап зордуктаган”. Сот аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты

Сузакта өз кызын зордуктап жүргөн деген айып менен кармалган киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Мындай өкүм бүгүн, 25-майда Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, сот айыпталуучуга коюлган айыптын баары далилденди деп чечкен.

43 жаштагы жергиликтүү тургун 19 жаштагы кызын жети жашынан бери зордуктап жүргөн деп шек саналып кармалганын райондук милиция быйыл 28-мартта билдирген.

Н. аттуу жаранга тергөө органдары тарабынан өзүнүн кызын 10 жылдан ашык убакыттан бери системалуу түрдө зордуктап жана башка сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган деп айыпталган. Ага жалпысынан 42 кылмыш эпизоду менен айып угузулган.

"Биринчи эпизод боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 4-бөлүгү менен өмүр бою, калган бардык беренелер боюнча 15 жылга, акыркы эпизоду боюнча 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, кылмыштардын жыйындысы боюнча белгиленген жазаларды сиңирүү жолу менен өмүр бою эркинен ажыратылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Соттун өкүмүндө көрсөтүлгөндөй, сот далилдер катары жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, аудио-видео жазууларды жана соттук-медициналык экспертизанын корутундуларын кабыл алды.

Учурда соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек, ага каршы тарап даттанууга жана жогорку инстанцияга чыгарылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде даттанууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ozgocho111
2023-05-25 23:09:00
Эне сорой эшек такалап журуптурбу
0
Zarema11
2023-05-26 10:15:00
Энеде эмне айып эркек макулуктун мээси иштебесе! Оз кызына зоокурлонот деп эч бир апа ойлобосо керек... Мээси чирип кеткен дөдөңбайларды эл кыйноо керек болчу, мамлекет бакпай. Аларга жарыктык айып.... Байкуш кызы менен апасына Жараткан өзү жарыктык менен бакыт бере көр ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан