Ош облусунун аймагында акыркы коңгуроо аземинен кийин окуучулар автоунаа айдап бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Эскертүүлөргө карабастан Кара-Суу жана Ноокат районунун окуучулары акыркы коңгуроодон кийин автоунаа айдап бара жаткан жеринен кармалды.
Жалпы 4 унаа токтотулуп, алардын экөө Кара-Суу, экөө Ноокат районунун окуучуларынын башкаруусунда экени аныкталды. Унаа башкарып бара жаткан бүтүрүүчүлөрдүн айдоочулук күбөлүгү жок болгондуктан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан протоколдор түзүлүп, 4 автоунаа айып короого киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, окуучулардын коопсуздугу үчүн облустук кызматкерлер тарабынан эс алуучу жайларга баруучу жолдордун бардыгына атайын күзөттөр коюлган.