"Келтирилген зыян 645 миң сом". Сузакта мал уурдоого шектүү жарандар кармалды 

Сузакта уурдалып коӊшу өлкөгө өтүп кеткен жылкылар өз ээлерине кайтарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын 4 тургуну милицияга арыз менен кайрылышкан. Алар өз арызында 5-апрелден 16-май аралыгында жылкы жана бодо малын белгисиз адамдар уурдап, арыз ээлерине 645 миң сомдук материалдык зыян келтиргенин билдиришкен.

Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак районунун аймагында өтүп жаткан "Эктремист" аталышындагы иш-чара учурунда кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 1982-жылы туулган Ж.А., 1993-жылы туулган М.А., 1997-жылы туулган Э.Ф. жана Аксы районунун тургуну 1991-жылы туулган А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүлөр уурдалган 2 жылкыны Өзбекстанга өткөрүп жибергендиги аныкталып, жүргүзүлгөн сүйлөшүү иштеринин натыйжасында жылкылар өз ээлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан