Эверестти багындырган альпинист Кадыр Сайдилкан өлкөгө келди. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, альпинистти аэропорттон Кыргызстан альпинизм федерациясынын өкүлдөрү, туугандары, достору жана кесиптештери тосуп алып, калпак, чепкен кийгизишти.
Эске салсак, Кадыр Сайдилкан 17-май эртең мененки саат 07.40та Эверест чокусун багындырган. Ал өзү менен кошо чокуга кыргыз желегин, калпакты жана "Манас" эпосунун академиялык томдугун ала чыккан.
Белгилей кетсек, альпинист буга чейин Европанын эң бийик чокусу Эльбурс (5642 метр), Түштүк Американын эң бийик чокусу – Аконкагуа (6962 метр), Түндүк Американын эң бийик чокусу Денали (6194 метр), Антарктиданын эң бийик чокусу Винсонг (4892 метр) жана Манаслу чокусун (8163 метр) багындырган.