"Төш белги жана 100 миң сом". Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынакка 35 жашка чейинки жарандар катыша алат. Сыйлыкка татыгандарга диплом, төш белги жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилет.

Сыйлык төмөнкү 11 номинация боюнча ыйгарылат:

  • "Адабият жаатындагы мыкты чыгарма";
  • "Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма";
  • "Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик";
  • "Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)";
  • "Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор";
  • "Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы";
  • "Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссёрдук, операторлук жана актёрдук иштер)";
  • "Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш";
  • "Экономика, бизнес менен меценаттык жааттагы мыкты жетишкендик";
  • "Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик";
  • "Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн".

Талап кылынуучу документтердин тизмеси:

  • сунуштоочу кат;
  • чыгармачыл союздун башкармасынын чогулушунун протоколу;
  • кыскача өмүр баян (4х6 өлчөмүндө 2 фотосүрөт);
  • чыгармачылык мүнөздөмө;
  • сыйлыктары жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
  • иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотация;
  • паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышууну каалагандар ушул жылдын 10-августуна чейин документтерин Маданият министрлигине тапшырса болот.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы өкмөттүн 2000-жылдын 23-августтагы токтому менен негизделген.

Сурап-билүү телефондору: 0(312) 66-09-52, 62-11-94.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан