Кыргызстандык үй-бүлө 23 жыл мурун дайынсыз жоголгон Жанузак Жылкычиевди издешүүдө. Бул тууралуу орусиялык "Тюмень Онлайн" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандагы айылдардын биринде жашаган. Бир ирет жубайы менен катуу урушуп кетип, үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынын билдирген эмес. Ошондон кийин ал туугандары менен байланышын токтотуп, 8, 18, 20 жаштагы балдарын таштап кеткен. Алгачкы жылдары жакындары Жанузак Жылкычиевдин Бишкекте жашап, иштеп жүргөнүн угушкан. Андан кийин андан такыр кабар угулбай калган. Ортодо катуу таарыныч болгондуктан туугандары башында аны издешкен эмес. Ал эми издеп баштаганда эч кандай жыйынтык чыккан эмес.
Жылкычиевдин келини Жанаранын айтымында, алар кайнатасын табуудан үмүтүн үзүшпөй Орусиянын "Жди меня" берүүсүнө чейин барышкан. Эки жыл мурун Жылкычиевди таанып калган кыргызстандык айылдаштары анын Тюменде жашап жатканын айтышкан.
"Аны айылдаштары Тюменде көрүп калышып бизге кабар беришти, бирок алар анын байланыш номерлерин алышпаптыр. Эми аларды дагы таппай жатабыз. Ал курулушта иштейт болуш керек. Үйлөнүп, балалуу болгон деген кептерди дагы уктук. Аны Кыргызстанда жубайы жашаган жерин өзгөртпөй, байланышка чыгышын күтүп жүрөт. Биз анын үй-бүлөсү менен бирге болушун каалайбыз. Жолдошум экөөбүз ушул жылы жайында Тюменге барып, издеп көрөлү деп жатабыз", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Жанузак Жылкычиев 47 жашында дайынсыз жоголгон. Учурда ал 70 жашта.