
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдүн Тоң районундагы жайлоолорго жааган кардан улам мал-жандыктары өлгөнүн билдирди.
"23-майдан 24-майга караган түнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Тоң районунун Улахол, Күн-Чыгыш, Кѳл-Тѳр, Б.Мамбетов, Тоң жана Төрт-Күл айыл аймагынын жайлоолорунда нөшөрлүү жааган жамгыр, кардан улам малчылар чыгымга учурады", - деп айтылат маалыматта.
Нөшөрлүү жааган жамгыр жана кардан улам Тоң районунун аймагында 9 жылкы, 26 уй, 353 кой-эчки ѳлгөн.
Белгилей кетсек, Күн-Чыгыш айыл аймагына тиешелүү Жазы кечүү жайлоосуна жергиликтүү эл малчыларга 200 түк тоют жеткиришкен. Ал эми башка айыл аймактагы жайлоолордо кар эрип кеткен.