Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев суракка чакыртылды

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, ал "Батуми" коомдук тамактануу жайын бузуу иши боюнча күбө катары суракка чакырылган.

Эске салсак, 24-майда борбор калаанын Жал кичи районунда жайгашкан "Батуми"кафеси буздурулган. Тамак-аш түйүнү Тыналиев көчөсүндө жайгашып, анын жалпы аянты 1,3 миң чарчы метрди түзгөн.

Мэриядан билдиришкендей, "Эстаунд" ЖЧКнын жер тилкелерине ижара укугун берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишимин узартуудан баш тартылган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасы менен окуя болгон жерге келип, кырдаалды иликтөөнү атайын кызматтарга тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан