УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жумуштун көптүгүнөн ден соолугу начарлаганын айтты. Бул тууралууу ал Region телеканалына берген маегинде билдирди.
"Кызматтан физикалык жактан чарчаган жокмун. Бирок ачыгын айтып коюу керек, коомчулук деле билет, акыркы убакта мени ден соолугум бир аз чарчатты. Ден соолугумдун начарлашына да жумуш себеп болушу мүмкүн. Себеби күнү-түнү иш, нерв болосуң. Кээде үйгө барбайбыз. Иш бөлмөмдө жата турган жер бар, ошо жерде да жатып калабыз. Жумуш оор. Бирок даттанбайбыз, бул биздин тандап алган жолубуз", - деди Ташиев.
Ошондой эле атайын кызматтын башчысы мамлекет үчүн, эл үчүн аягына чейин кызмат кыларын кошумчалады. Ал жөнөкөй адамдар буга чейин кылынган кызматтын жыйынтыгын сезиши керектигин белгиледи.