Коррупциялык схема түзгөн деп шектелип жаткан Дары-дармек департаментинин директору Айнура Абалиева 23-июнга чейин камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда УКМКдан кабарлады.
Мекемеден билдиргендей, ал департаменттин кызматкерлери менен тил табышып, сертификаттарды тездетип бергендиги үчүн фармкомпаниялардан акча алган. Дары-дармектер боюнча изилдөө жүргүзүлгөн эмес.
Эске салсак, Айнура Абалиева 24-майда пара алып жаткан жеринен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.