Бишкектин тургунунан криптовалютага инвестиция салуу үчүн ири суммадагы акча алып, изин жашырган чет элдик жаран кармалды 

Бишкекте алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 30-январында милицияга Бишкек шаарынын Ч.Р. аттуу тургуну кайрылган. Арызында Пакистандын М.Т. аттуу жараны криптовалютага салам деген шылтоо менен андан 8000 доллар алып, изин жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2002-жылы туулган М.Т. аттуу Пакистандын жараны кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция шектүүнүн аракеттеринен жабыр тарткандар жана кандайдыр бир маалыматы барлар 0702 00 33 30 жана 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан