Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланган кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтөт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Ага ылайык, оюндар ушул дем алыш күндөрү, 27-28-майда болот.
Буга чейин чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында тайпалар төмөндөгүдөй аныкталган:
* А тайпасы: “Президенттин командасы”, “Фемида”, “Ыйман”, “Алга”;
* В тайпасы: “Спорттук федерациялар”, “Жогорку Кеңеш”, “Ден соолук”, “Аймактар”;
* С тайпасы: “Коопсуздук”, “Бизнес”, “Спорт жылдыздары”, “Билим”;
* D тайпасы: “Достук”, “Өнөр”, “Курултай”, “Журналисттер”.
Оюндар “Газпром” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.
Маалыматка ылайык, оюнду УТРК (А жана В тайпалары) жана ЭлТР (C жана D тайпалары) телеканалдарынан түз эфирде көрсөтүлөт. Көрсөтүү саат 10:00дө башталат.
Эрбол Султанбаев турнирди көрүүнү каалагандар үчүн эшик ачык экендигин кошумчалады.