Жалал-Абадда көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору мугалимдерден акча алып жүргөнү аныкталды

Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кол алдындагылардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылы 24-майда аталган окуу жайдын директору Ч.Ч. 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Ал ушул жылдын февраль айында кызматка дайындалгандан тартып, ар кандай шылтоолор менен кол алдындагы кызматкерлерден айлык акыларынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүгө мажбурлап келгени аныкталды.

Бул мектеп-интернаттын мугалимдеринин орточо маянасы 20 миң сомдун тегерегин түзөт. Бул каражаттын 5 миң сомун директорго берип турууга аргасыз болушканы белгиленет.

Ошондой эле буга чейин Ч.А. аныкталган мыйзам бузуулар үчүн жумуштан кетирем деп коркутуу жолу менен мектептин ашпозчусунан 17 000 сом алганы да тастыкталды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан