Бүгүн, 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдына вице-мэр Нурдан Орунтаевди колдоп жеке пикетке чыккан Назира Муканбетовага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Анын коомдук тартипти бузганы кабарланды. Ал Г.Ч аттуу жарандын жанынан өтүп бара жатып оозеки чыр-чатак чыгып, ага карата физикалык күч колдонгон.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылганы айтылды.
Эки аял тең Биринчи Май РИИБинин милиция башкармалыгы бөлүмүнө жеткирилип, Г.Ч.нын арызынын негизинде Муканбетовага карата Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча иш козголгон.
Экспертизалар жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, 24-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев милиция кызматкерлери жана муниципалитеттин кызматкерлери менен биргеликте Жал кичирайонунда жайгашкан «Батуми» кафесин бузуп салган.
Орунтаевдин айтымында, кафе мыйзамсыз курулган жана жерди ижарага алуу келишиминин мөөнөтү бүтүп калган.
Кафенин имаратынын сүрдүрүлүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакыртылган.