Президент Садыр Жапаров «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык өлкөнүн мектептеринде мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынды.
-мыйзамсыз акча чогултууга;
-мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө;
-мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаты милдеттүү түрдө Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен бөлүнөт деп белгиленсин;
-акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштыруучу адамдарга) моралдык-психологиялык басым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары көрүлсүн.