"Манас" эл аралык аэропорту» ААКсы түркиялык AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте ушул жылдын 3-июнунан тарта Анкара–Бишкек–Анкара багыты боюнча жаңы каттам ачууну пландоодо. Бул туурасында "Манас" аэропортунан кабарлашты.
Белгиленгендей, Түркиянын борборуна аба каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми ушул жылдын август айынан баштап каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.
Кошумчалай кетсек, AnadoluJet лоукостери Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы.