Кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу кечээ, 26-майда Алматыда өткөн аралаш мушташ (ММА) боюнча Naiza fight турниринде нокаут менен жеңишке жетти.
Белгилүү болгондой, аталган мелдеште Абдибаит уулу Бразилиянын өкүлү Элвис Мартинс менен беттешкен. Күрөштүн үчүнчү раундунда Бусурманкул атаандашынын чабуулдарынан качып, оң колу менен сокку узатып, атаандашын нокаутка түшүргөн.
Анын соңунда спортчу бир жума мурун атасынан айрылганын, бул беттеш ал үчүн оор болгонун айткан. Бирок бардык кыйынчылыктарга карабай рингге чыгууну чечкенин кошумчалаган.
"Мен жана менин карьерам үчүн бул беттешти жеңүү абдан маанилүү болчу. Аны жеңиш менен аяктоону абдан самагам. Бул жеңишимди атамдын жаркын элесине арнайм", - деп билдирген спортчу.
Ошентип Бусурманкул Абдибаит уулу буга чейин төрт беттеш өткөрүп, анын баарын жеңген спортчунун үстүнөн жеңишти багындырды.