Бишкекте Чүй проспекти кеңейтилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти Чүй проспектинин Курманжан Датка көчөсү менен кесилишинде унаа кыймылын тартипке келтирүү схемасын иштеп чыкты.
29-майдан баштап "Бишкекасфальтсервис" төмөнкү иштерди баштайт:
- Чүй проспекти боюнча (түндүк-чыгыш тарабы) жол белгилерин реконструкциялоо менен жолдун бөлүүчү газон тилкесин кичирейтүү жолу менен жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүү;
- аялдаманы жылдыруу, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке уюштуруу жана жол белгилерин кайра орнотуу. Чүй проспектинин ылдый жагын — Курманжан Датка көчөсүнүн унаа жүрүүчү бөлүгүн (түндүк-чыгыш тарабы) кеңейтүү;
- жол белгилерин жана жол чырак объектисинин кошумча бөлүгүн орнотуу менен Чүй проспекти боюнча (түштүк-батыш тарабынан) түштүк тарапка жол ачуу.