УКМК контрабандага каршы күрөштүн алкагында 2 унааны конфискациялады

УКМК контрабандага каршы күрөштүн алкагында 2 унааны конфискациялады.

Кабарлангандай, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен 2022-жылдын ноябрь айында 1 млн 248 миң сомдук дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бараткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин эсебине алынган.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 19-майында Кадамжай райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын март айында 599 миң сомдук күйүүчү-майлоочу май түрүндөгү контрабандалык жүк ташыган КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа мамлекеттин эсебине конфискацияланган.

Мындан тышкары, буга чейин да контрабанда ишине пайдалангандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган Mercedes-Benz Actros жана Hyndai Porter үлгүсүндөгү 2 унаа боюнча материалдар Баткен облусунун сот органдарында каралып жатат.

Атайын ызмат контрабанда ишмердүүлүгү жана ага катышкандар мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан