Кечээ, 27-майда Токмоктогу айланма жолдо катталган кырсыктан кеминде сегиз адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты ЖКККББнын басма сөз кызматы тастыктады.
Кабарлангандай, Honda Odissey үлгүсүндөгү унаа Нарындан Бишкекке келе жаткан, ичинде 8 адам болгон.
Унаа жолдун 78-чакырымында минивэн каршы тилкеге чыга коюп автоманипулятор менен кагышкан.
Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.