Түркияда президенттик шайлоонун 2-туру өтүп жатат

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы жүрүп жатат. Бул тууралуу түркиялык Haber Turk басылмасы жазды.

"Бүгүн Түркия тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоонун экинчи айлампасында шайлоого барып, президентин шайлайт. Режеп Тайип Эрдоган менен Кемал Кылычдароглу катышкан шайлоодо добуш берүү саат 08:00дө башталды", — деп жазат басылма.

Өлкө боюнча 191 миңден ашык урна орнотулду. 64 миллиондон ашуун адам добуш берүүгө укуктуу.

Эскерте кестек, шайлоонун биринчи туру 14-майда өтүп, анда азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган 49,51пайыз, ал эми анын бириккен оппозициядагы негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88 пайыз добуш алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigitaliev95
2023-05-28 13:09:00
Режеп Тайип Эрдоганга ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан