“Мурас” футбол боюнча достук турниринин финалында саламаттык сактоонун өкүлдөрүнүн "Ден соолук" жана өлкөнүн спорт федерацияларынын "Спорттук федерациялар" командалары беттешет.
Белгилүү болгондой, “Ден соолук” командасы жарым финалда "Президенттин командасы" менен кез келди. Эки таймдын соңунда эсеп 1:1 болуп, пенальтилер сериясы жарыяланды. Пенальтилердин жыйынтыгында 4:1 эсеби менен “Ден соолук” командасы алдыга озуп чыкты.
Өз кезегинде “Спорттук федерациялар” командасы укук коргоо органдарынын “Коопсуздук” командасын 5:0 эсебинде утуп алды.
Турнирде 3-орун үчүн "Президенттин командасы" менен "Коопсуздук" командасы беттешет.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтүүдө.