Ленин округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы: Ким канча добуш алды? (тизме)

Кечээ, 28-майда өткөн Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясына автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) 100 пайыз маалыматы келип түштү. Ага ылайык, Дамира Ниязалиева жеңүүчү деп табылды.

Алдын ала эсеп боюнча ким канча добуш алганы төмөндө:

Дамира Ниязалиева - 6 242 добуш (35,83 пайыз);

Улан Сариев - 2 070 (11,88 пайыз);
Эртай Искаков - 1317 (7,56 пайыз);
Акыл Айтбаев - 988 (5,67 пайыз);
Аттокур уулу Илимбек - 898 (5,15 пайыз);
Өмүрбек Суваналиев - 866 (4,97 пайыз);
Муктарбек Айткулов - 748 (4,29 пайыз);
Данияр Тербишалиев - 475 (2,73 пайыз);
Равшан Жээнбеков - 405 (2,32 пайыз);
Руслан Бекназаров - 404 (2,32 пайыз);
Турсунбай Бакир уулу - 379 (2,18 пайыз);
Баарына каршы - 376 (2,16 пайыз);
Салтанат Сагидаева - 326 (1,87 пайыз);
Айбек Субанов - 286 (1,64 пайыз);
Темир Эмилов - 211 (1,21 пайыз);
Ажыбек Касмалиев - 209 (1,2 пайыз);
Максат Кунакунов - 204 (1,17 пайыз);
Андрей Скорняков - 170 (0,98 пайыз);
Таалайгүл Айдаралиева - 151 (0,87 пайыз);
Эльдар Мадылбеков - 121 (0,69 пайыз);
Мирлан Камбаров - 90 (0,52 пайыз);
Аким Маликов - 68 (0,39 пайыз);
Бактыбек Рысалиев - 60 (0,34 пайыз);
Акин Токталиев - 57 (0,33 пайыз);
Сарылдык уулу Илгиз - 44 (0,25 пайыз);
Эркин Булекбаев - 39 (0,22 пайыз);
Карачач Исмаилова - 34 (0,2 пайыз);
Кубанычбек Макешов - 28 (0,16 пайыз);
Бакыт Керимбеков - 24 (0,14 пайыз);
Гүлшат Тазабекова - 17 (0,1 пайыз).
Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде чыгарылат.
Буга чейин шайлоодо азыркы эсеп боюнча 1 317 добуш менен үчүнчү болуп келген талапкер Эртай Искаков буга чейин Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Ал бир нече адамдын акча санап отурган видеосун таратып, алар Ниязалиеванын тарапташтары экенин билдирген.
Ички иштер министрлиги териштирүү жүрүп жатканын маалымдап, бирок эч бир талапкердин ысымын атаган жок. Борбордук шайлоо комиссиясы мекемеге эреже бузуулар боюнча 9 арыз түшкөнүн, 6 кайрылууда айтылган маалыматтар тастыкталбаганын жана 3 арыз боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан