"Үйлөнөм деп...". Чүйдө кесиптешин зордуктоого аракет кылган жаран кармалды 

Аламүдүн районунда кесиптешине ыдык көрсөтүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Чүй ОИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында 19-майда А.Н. аттуу таанышынын атынан ага билдирүү жазып, Көк-Жар айылына чакырып, келгенден кийин аны бир нече жолу уруп, тишин сындырып, бычак менен коркутуп "мунун баарына өзүм күнөөлүүмүн, эч кимге дооматым жок" деп айтканын телефонуна тартып алган Э.Р. аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1996-жылы туулган Э.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү февраль айынан март айына чейин А.Н.ди шантаж кылып, ага турмушка чыгууга мажбурлаган. Ошол эле мезгилде Көк-Жар айылында аны коркутуп, жыныстык катнашка барууга аракет кылганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене (Бейбаштык), 174-берене (Адамды никеге турууга мажбурлоо) жана 37-154-берене (Зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан